聚焦2018地方经济关键词
百度 新《细则》将街道办事处(镇政府)、市住房保障部门公示时间由原来的5日延长至20日。
Финляндия Республикасы | |||||
| |||||
Гимн: ?Maamme / V?rt land? | |||||
![]() | |||||
Эгеменд??л?к к?н? | 6 декабрь 1917-жыл | ||||
Расмий тили | финче, шведче | ||||
Борбор шаары | Хельсинки | ||||
Ири шаарлар | Хельсинки, Эспоо, Тампере, Вантаа, Турку | ||||
Башкаруу формасы | Аралаш республика | ||||
Президент Премьер-министр Парламент спикери |
Саули Ниинист? Юха Сипиля Мария Лохела | ||||
Мам. дини | лютеранчылык ж/а православие (де-факто)[1] | ||||
Аянты ? Жалпы ? Суу бетинин %. |
64-ч? - д?йн?д? 338 430,53 км2 10,21 | ||||
Калкы ? Бааланган (2013) ? Жыштыгы |
▲ 5 450 614[2] адам (113-ч?) 16 ад./км2 | ||||
АД?И ( 2013) | ▲ 0,892[3] (э? жогору) (21) | ||||
Этнохороним | финляндиялык, финляндиялыктар | ||||
Акча бирдиги | Евро | ||||
Домени | .fi, .ax (Аланд аралдары ?ч?н) | ||||
ISO коду | FI | ||||
ЭОК коду | FIN | ||||
Телефон коду | +358 | ||||
Убакыт аралыгы | UTC UTC+2 (UTC+3 жайкы убакыт ?ч?н) |

Финляндия (фин. Suomi ; швед. Finland ), расмий — Финляндия Республикасы (фин. Suomen tasavalta; швед. Republiken Finland) — Европадагы мамлекет.
Расмий тили ― финн тили.
Тарыхы
[т?з?т?? | булагын т?з?т??]1944-жылы 19-сентябрда Финляндия Улуу Британия жана СССР менен элдеш?? келишимине кол коюп, Германиянын аскер б?л?кт?р?н?н ?лк?д?н чыгып кетишине к?м?кт?ш??г? жана СССРдин согуш учурунда басып алган аймактарын бошотууга милдеттенме алган. Келишимдин шарттарынын аткарылышын к?з?м?лд?? Союздук контроль комиссиясы тарабынан ж?з?г? ашырылган. Андан кийин Финляндия 1945-жылдын жазына чейин Лапландияда Германиянын куралдуу к?чт?р?н? каршы к?р?шк?н. ?лк?д? фашисттик организациялар таркатылган, согуш учурунда чукул кабыл алынган мыйзамдар жок кылынган, т?рм? жана лагерлерден антифашисттер чыгарылган. Финляндиянын тышкы жана ички саясатынын жа?ы багытын т?з?? башталган. Социал-демократиялык партия жана Агрардык биримдик менен катар 1944-жылы октябрда т?з?лг?н Финляндия Элинин Демократиялык Бирлиги да маанил?? ролду ойногон. ФЭДБнын демилгеси менен ?ч ири фракциялардын ортосунда келишимге кол коюлуп, мунун негизинде 1945-жылы апрелде демократиялык кызматташуу ?км?т? т?з?лг?н. 1947-жылы февралда Финляндия менен СССРдин ортосунда келишимге кол коюлган, ага ылайык Финляндия т?нд?кт?г? Петсамо аймагын берип, ижарага алынган Ханко жарым аралын т?шт?кт?г? Порккала-Удд аймагына алмаштырып, 300 миллион доллар ?лч?м?нд? компенсация т?л?п берген. 1944-жылы 30-октябрда Финляндиянын Коммунисттик партиясы расмий т?рд? катталган. К?пч?л?к адамдар ?ч?н бул окуя ?лк?н? советтештир?? м?мк?н деген шек туудурду. Финляндиянын аскерге чакыруу армиясы, элдеш?? келишимине ылайык, к?п ?тп?й тынчтык абалына ?тт?. Жетимиш жети жаштагы Маннергейм президенттин символикалык фигурасы жана башкы командачынын милдетин аткаруучу катары кала берди. 1944-жылы ноябрда Паасикиви премьер-министр болуп, ал ке?ири коалициялык ?км?тт? башкарып, к?п ?тп?й байкоочу комиссия менен натыйжалуу кызматташтык т?з??г? жетишкен. Буга карабастан 1945-1948-жылдар Финляндиянын ички саясаты бороон-чапкындуу болду. 1945-жылдын жазында парламенттик шайлоо болуп ?т?п, анда коммунисттик солчулдар 25% добуш алды. Бул аларга ?км?тт?н орун жана согуштун демилгечилерин соттоону тездет??г? м?мк?нч?л?к берди. Токиодо жана Нюрнбергде болгон соттук кароолордо к?пч?л?к ?л?м жазасына тартылды. Ага салыштырмалуу Хельсинкиде жазалоо ?жумшагыраак? болгон. Согуш учурундагы ?км?тт?н 8 м?ч?с? абакка кесилип, кийинчерээк аз-аздан жаза ?т?? м??н?т? кыскартылган. 1949-жылдын майында согушка к?н??л?? деп эсептелгендердин акыркысы – ?лк?н?н мурунку президенти Ристо Рюти абактан бошотулган. Финляндия оккупацияга алынбагандыктан советтеш??д?н акырын кутулуп кеткен. Башка бир себеби 1945-1948-жылдары бийлик коммунисттердин колунда турганына карабастан ?лк?н?н башкаруу режимин ?зг?рт? алган жок. Калган социал-демократ партиялар коммунисттердин полицияны жана мамлекеттик башкарууну колго алышына тоскоолдук жаратып турду. СССР репарацияны алууга кызыктар болгону ?ч?н, ага бир гана коммунисттик эмес, башка партиялар менен да иштеш??г? туура келген. Финляндиянын оккупациясы к?п чыгым жана тобокелчиликти талап кылмак. Анын ?ст?н? Кремль к???л?н Чыгыш Европа ?лк?л?р?н? буруп, батыш менен ?з?н?н ортосунда бул аймакта буфердик зона даярдоого далалат кылып жаткан эле. Тынчтык ж?н?нд? келишим толук к?ч?н? кирип, К?з?м?л комиссиясы ?лк?д?н чыгып кеткенде Финляндиядагы абал ?зг?рд?. Европа экиге б?л?н? баштаганда, ортодо нейтралдуу азганакей ?лк?л?рд?н турган ?бозомтук зона? калды. Сталиндин к?з?нд? нейтралитет деген нерсе жок болгон ?ч?н, Финляндия НАТОго ?т?п кетээрден мурун аны менен келишим т?з??г? белсенди. Чыгыш блокко тартып кетпеши айдан ачык болгондо 1948-жылы апрелде, Пассикиви ?Достук, кызматташтык, ?з ара жардамдашуу ж?н?нд?? келишимге кол коюуга макул болду. Финляндия ага же анын аймагы аркылуу Германия же ага ?н?кт?ш ?лк?л?рд?н СССРге аскердик чабуулунун мизин кайтарууга милдеттенген. Финляндияга жардам керек болгонун эки ?лк? те? ырасташы керек болгон. Бул ?з кезегинде Москванын Кызыл армияны капыстан, с?йл?ш??л?рс?з ж?н?т?ш?н? тоскоол болду. Келишимдин шарттарына ылайык Финляндия улуу державалардын кызыкчылыктарынан четте турушу керек болгон. Батыш лагердин ?к?лд?р? бул келишимди Финляндиянын артка чегин??с? катары кабыл алып, аны чыгыш лагерге жакындап кетет деп кооптонушкан. Аскердик аракеттерге тиешел?? болгон пункттар Финляндиянын Швеция же Швейцария сыяктуу нейтралитет сакташына тоскоол болгон. 2 д?йн?л?к согуш те? к?рг?зг?нд?й Финляндия СССРге Ленинградга кет?? ?ч?н коридор болуп бербешине ынандырышы керек эле. Паасикивинин ою боюнча СССР анын ?лк?с?н коопсуздук ?ч?н гана ойлоп жаткан. Эгер бул талапты аткарса жакшы ко?шу болуп жашай беришине к?з? жеткен. Достук ж?н?нд? келишим ички саясатты ?з алдынча ж?рг?з??г? м?мк?нч?л?к берди. 1948-жылы коммунисттер шайлоодо же?илип калганда социал-демократиялык ?азчылыктын ?км?т?? т?з?лд?. Бул ?км?т коммунисттерди тазалап, Скандинав жана Батыш Европа ?лк?л?р? менен мамилесин бекемдеди. Коммунисттер профсоюздар аркылуу контрчабуулга ?тк?н? менен алар маргиналдашып кеткен эле. Эми ички гегемония ?ч?н к?р?ш Агрардык союз менен социал-демократтар ортосунда ж?рг?н. Эки тарап те? сырт жактан колдоо издеген. Аграрийлердин лидери Кеккони Москвага Достук ж?н?нд? келишимдин ишенимд?? сактоочусу экенин айткан. Бирок СССР социалисттик ?лк? болгону ?ч?н социал-демократтарга жан тарта берген. Финляндиянын саясий о? канаты да батышчыл социал-демократтардын тарабында болгон. 1956-жылкы президенттик шайлоодо Кекконен же?ип чыккан(149 добушка каршы 151 добуш). Бул забастовкалардын чыгышына алып келди. Бул конструктивд?? ички саясатты ?тк?р??г? тоскоолдук жаратты. Кекконендин каршылаштары 1962-жылдагы кайрадан президет болушуна каршылык к?рс?т?шт?. Алардын ою боюнча ал Москва менен ашыкча тыгыз мамиле кылып жаткан. Кийин изилд??ч?л?р айтып чыккандай ал 1944-жылы эле советтик чалгын органдары менен байланыша баштаган. Финляндиянын эки тараптуу мамилеси экономиканын ?н?г?ш?н? салым кошкон. 1950-жылы премьер болуп турганда эле 5 жылдык планды ишке киргизип, Хрющев менен жакшы алака т?з?п, анын арты менен жардам алууга, БУУга жана Т?нд?к ке?ешине м?ч? болууга м?мк?нч?л?к алган. Достук келишиминин алкагында суверенд??л?г?н сактап, чо? державалардын саясатынан алыс болгон. Кекконендин президенттикке болгон жолунун же?илдешине СССРдин 1955-жылы Поркала-Удд жарым аралына аскердик база жайгаштыруудан баш тартышы себеп болгон. Бул Кекконенди социалисттик блок менен с?йл?ш?? ж?рг?з? алган мыкты саясатчы катары к?рс?тт?. 1962-жылкы президенттик шайлоонун алдында карама-каршылыктуу окуя болуп ?тт?. Коалиция атайын президенттикке ?з талапкерин сунуштаган. Ага каршы Москва нота ж?н?т?п, ал ?з кандидатурасын кайтарып алган. Бул учурда Берлин дубалы курулуп, 2-берлин кризиси болуп жаткан эле. ФРГ да НАТОнун ичинде к?ч ала баштаган. Ошондуктан Москвага финндерден ?з?н? жакын киши президет болушу керек болчу. Кеконнен 2-жолу да президет болуп шайланды. Альтернативд?? варианттар жок болгону ?ч?н ал жалпы 3 жолу президет болуп шайланган(1968, 1974, 1978). Анын э? чо? к?ч? Москва болгонун баары билч?. Бул нерсенин о? жагы ?лк? ичинде бийлик ?ч?н к?р?ш ж?рб?д?. Кеконнен ?з максаттарын тоскоолдуксуз аткара берди. Чыгышта к?йг?й жаралбаганы ?ч?н батыш менен да нейтралдуу мамлекет катары мамилесин курчута берди. Ошол эле убакта анын гегемониясы парламентаризмдин ?н?г?ш?н? тоскоол болду. Шайлоодо жакшы добуш алганына карабастан Улуттук коалициялык партия оппозицияда кала берди. Эки ж?зд??л?к катары к?р?нг?н? менен Кекконендин чыгыш менен ийкемд?? саясаты коопсуздук жактан да, экономикалык жактан да пайда алып келди. Бул нерсени 15 жыл башта тир?? калуу ?ч?н к?р?шк?н замандаштары баалай алды. 1961-жылы Европалык эркин соода ассоциациясына м?ч? боло алды. Муну менен финндер ?з товарларын континентке эркин сата алган. ?н?г?? жолунда Кекконендин мезгили агрардык чарбадан ?нд?р?шт?к чарбага ?т?? мезгили болуп эсептелет. Анын саясий карьерасы ?зг?р?? учуруна туура келген. Согуштан кийинки он жылдык 3 негизги милдет менен м?н?зд?л?т: репарацияны т?л??, жа?ы жерлерди ?зд?шт?р??, бузулган турак-жай жана инфраструктураны калыбына келтир??. Репарацияны т?л?? 1945-жылдын кышында башталып, инфляцияга туш келген(300 млн. доллар 500 миллионго к?т?р?лг?н). СССР репарациянын жарымын металл т?р?нд? алууну каалагандыктан, кеме жана машиналарды беришкен. Э? алгач ушул тармакка к???л бурулуп, металлургия ?н?г?п, кеме куруу жолго коюлган. Буга кошумча СССР менен 1947-жылы клирингдик келишим т?з?п, заманбап товар алмашуу ж?рг?зг?н. Алгач контракттар т?з?л?п, т?л?мд? мамлекеттик банктар ишке ашырган. 1950-жылы бул соода жолго коюлуп, 5 жылдык план т?з?лг?н. Соода советтердин кулашына чейин уланган. Эки ?лк?д? те? бул соода т?р? бекем орноп, Финляндиянын экспорттук-?нд?р?шт?к тармагын к?чт?нтк?н; чыгыш чек аралар аркылуу батышка товар экспортун камсыздаган. Советтер Союзунан негизги импортту(80%) нефть т?зг?н. Металл экспортто негизги орунда кала берген. 80-ж.ж. Финляндия СССРде ири курулуш долбоорлорун ишке ашырган. Советтик Корелияда 3 ири ?нд?р?ш заводу, Россиянын чыгышында жана Батыш Сибирде шаарлар курулган. Бул жылдары финндердин к?н?мд?к керект??ч? товарларынын жарымы СССРден келгени менен, толугу менен алардан к?з каранды деп айтууга болбойт. Финндердин негизги экспорт товарларынан бири жыгач болгон. Ошондой эле соода уюмдарынын алкагында э? негизги импорт ?лк?л?р Батыш Европа жана АКШ болуп кала берген. Муну менен Финляндия чыгышта коопсуздугун сактап, батыш менен болсо экономикалык тараптан байланышта болгон. Бул 90-ж.ж. башына чейин экономикада жала? гана ?с??н? шарттады. 1945-1979-жылдар аралыгында жумушчулардын кирешеси 2 эсе ?ск?н. Башка батыш ?лк?л?р?н? салыштырмалуу жылдык кирешенин коэффициенти ?с?п отуруп, 70-ж.ж. ортосунда Европанын э? бай 3 ?лк?с?н? кирген. Буга ?нд?р?шт?н кеч кириши да себеп болгон. Мында жа?ы автоматташтырылган технология ишке кирген. Башка ?лк?л?рд?н айырмаланып ?нд?р?шт?к жумушчулардын классы т?з?лг?н жок. Салттуу кесиптин ээлери т?з эле кызмат к?рс?т?? тармагына кеткен. 40-жылдардагы жер реформасы да ?н?г??д? ?з салымын кошкон. Согуштун айынан 420 000 жаран эвакуацияланып, анын 320 000и дыйкандар болгон. Мурун киши башына 11 гектардан берилген жерлер алынып, 9 гектардан б?л?н?п, кайрадан таратылган. Жа?ы жерлердин баары калкка иштет??г? таркатылып берилип, бул ?з кезегинде жумушсуздукту жоюп, элди алек кылып, коомдук карама-каршылыктарды жоюп, шаарга агылып кел??г? б?г?т болгон. Бирок 50-жылдары чарба автоматташтырыла баштаган. Жаштар ?нд?р?шт?к райондордо ишт?? менен бирге билим алуу ?ч?н шаарларга келе баштаган. Кол араанын ордуна мото-араа колдонулуп, соконун ордуна тракторлор алынып келинип, алардын саны 7 эсе ?ск?н. Катардагы дыйкандар да тракторго ээ болуп, ат багуу, ага тоют камдоо т?йш?г?н?н арылган. К?чт?? тоют жана жасалма жемдер жеткиликт?? болуп, мал семиз багылып, Финляндия эт, с?т, дан азыктары менен ?з?н-?з? толук камсыздай алган. Согуш учурунда бомбалоодон улам турак-жай фонду катуу жабыркаган(20 000 ?й). Анын ?ст?н? к?пт?г?н адамдар аймактарды тарттырып жибер??д? ?й-жайынан(он ми?деген ?йл?р) ажыраган. Калкка ссуда берилип, жергиликт?? бийликтер к?п кабаттуу ?йл?рд? кура башташкан. 1950-жылдан 1975-жылга чейин жыл сайын 30 ми?ден 77 ми?ге чейин жа?ы ?йл?р курулган. Жа?ы ?йл?рд?н зарылдыгы башка Европа ?лк?л?р?нд?й эле жогорку де?гээлдеги бала т?р?л??н?н айынан (бэби-бум) келип чыккан. 30-жылдары жашоонун жакшырышы менен балдардын т?р?л??с? аз-аздан жогорулай баштап, согуштан кийин бул к?рс?тк?ч 25% болгон. 1948-1949-жылдары ар жылы 105 000 бала т?р?лг?н. 1941-45-жылдары калк 330 000ге к?б?йг?н. 50-60-жылдары калктын саны Швецияга болгон эмиграциядан улам бир аз азайган. Бирок те? салмактуулугун жоготкон эмес. Себеби шарттардын жакшырышы менен тамак-аш ке?ири жетип, саламаттыкты сактоо тармагы жакшырган, адамдардын орточо жашы жогорулай берген. 1944-жылдан 2000-жылга чейин 3,7 млндон 5,2 млнго жеткен. 21-кылымдын башында калктын 20% шаар аймактарында жашаган. Экономиканын, транспорттун жакшырышынан улам швед тилд?? т?шт?к аймактарга агылуу башталып, аралаш никелер к?б?й?п, финн тили(suomi) ?й-б?л?л?рд?, жумушта с?йл?н?п жа?ы де?гээлге к?т?р?лг?н. Швед тилд??л?р 60 ми?ге кыскарган. Финн шведдери Швецияга кеткен. Бирок швед тили актуалдуу бойдон кала берди. Швециядагы ар бир финн 5-мигрантынын эне тили швед тили болгон. ?лк?д? да швед маданияты жана тилинде билим бер?? улантылды. 1954-жылкы Скандинав ?лк?л?р?н?н жарандары бири-биринин ?лк?с?нд? эркин ж?р? ала турган келишимге кол коюлгандан кийин, Финляндиядан 2 эсе к?п айлык т?л?г?н Швецияга кет?? к?б?йг?н. Бул к?рс?тк?ч 1945-жылдан баштап 700 000ге жеткен. Швецияга мигранттардын к?б? сезондук ишке барган же белгил?? мезгилдерде жашаган. Миграциянын к?ч?ш?н? транспорт да себеп болгон. Автомобилдердин популярдуулугу артып, Швецияда иштегендер эмгек ?рг??с? учурунда туугандарына адал эмгеги менен тапкан ?вольво? жана ?саабалары? менен мактануу ?ч?н келип турган. Турмуштун жакшыруусу менен финндер да ?з машинелерине ээ боло баштаган. Кыска аралыкка ж?р?? ?ч?н автобустардын популярдуулугу поезддерден ашкан. 60-жылдардын башында ар ким ?з автоунаасы менен ж?р?п калган. 70-жылдардагы нефть кризиси унаага ээ болууну бир аз жайлатканы менен тенденциясын жоготкон эмес. Автоунаалардын к?б?й?ш? менен сырткы ч?йр?н?н булганышы сезиле баштаган. Абанын булганышы коомдогу экология жана эстетиканы жактагандардын протесттерине алып келген. Бирок коомчулуктун к?п б?л?г? автоунаанын к?б?й?ш?н жакшылыкка жоруган. 1950-ж.ж. аягында жол инфраструктурасына, анын модернизациясына к?пт?г?н акчалар б?л?н? баштаган. Бийликтин алмашуусу 70-жылдардын аягында Кекконендин бийликтен кетиши белгил?? боло баштады. 1978-жылы ден соолугунун начардыгына карабай ал дагы бир м??н?тк? президент болуп шайланган. Бул учурда сахна артында бир канча талапкер президенттикке даярданып жатты. 70-жылдардын башынан бери элдик сурамжылоодо э? популярдуу кандидат социал-демократ Мауно Койвисто болуп жаткан. Ал 1979-жылы к?пч?л?к коалициянын премьер-министри болуп шайланып, Кекконендин бекем беделине ачык каршы чыга баштаганда коомчулуктун колдоосу дагы да артты. Кеконнен 1981-жылы ден соолугуна байланыштуу м??н?т?н?н мурда мандатын тапшырып берген. Койвистонун атаандаштары бут тосконуна карабастан, 1981-82-жылкы шайлоодо к?пч?л?кт?н добушу менен президент болуп шайланган. Атаандаштары аны Москванын алдында популярдуулугу жок деп айыпташкан. Бирок ушул ?зг?ч?л?г? ага к?п добуш алып келди. К?пч?л?к финндер Москвага ашыгы менен ?тууган? болуп кетти деп эсептеп, ошондуктан Кеконнендин айлампасына кирбеген адамды тандашкан. Анын 12 жылдык(1982-1994) бийлик ж?рг?з??с?н коомчулук Москвадан узактап, казыгын Европадан табышы керек болгон жылдар катары м?н?зд?г?н. Бул жол туура экенин Койвисто Кекконенден айырмаланып ?з пландарын ишке ашыруу ?ч?н парламентти жана ?км?тт? таркатпоо аркылуу к?рс?тк?н. ?км?т толук бойдон 4 жылдык мезгилге бийликтин колунда кала берген. 1987-жылы кызгылт-к?к социал-демократтардан жана Улуттук коалициялык партиядан турган ?км?тт?к коалиция т?з?лг?н. Бул нерсе бир нече жылдар мурун м?мк?н эмес эле. СССР менен Батыш Европанын акылсыз ?кансыз согушунан? улам Финляндияга аскердик жактан ?з?н-?з? камсыздоого туура келди. Финляндия 13 аймакка б?л?н?п, тышкы агрессияга даяр болду. СССР тарапка жашыруун аскер жайгаштырды. Бирок Финляндиянын талуу жери аскердик авиация тармагы болуп кала берди. Ал ?з?н-?з? абадан коргой албайт болчу. Кансыз согушта НАТО менен Советтердин жарыша куралдануусу, батыштын Финляндияга жакын аймактардагы СССРдин ракета атуучу борборлоруна к???л?н буруусу Т?нд?к Финляндияны коркунучка кептеген. Бирок 1985-жылы Михаил Горбачевдун т?рага болуп шайланышы абалды ?зг?ртт?. Горбачев ?лк?с?н?н ичиндеги экономикалык к?йг?йл?рг? к???л буруп, жа?ы саясат баштады. Батыштагы журналисттер, совет таануучулар аны державаны каатчылыктан алып чыгуучу деп сыпаттаган. 1987-жылы ал АКШнын президенти Роналд Рейган менен жолугушуп, Европада орто аралыкка учкан ракеталарды жок кылуу боюнча макулдашкан. Батыштагы Горбачев ж?н?нд? жакшы ой калтыргандарга президент Койвисто да кошулган. Ал 1985-жылы Горбачев менен жолугушуп, жылуу с?йл?шк?н. Горбачев ЕЭСАга толугу менен м?ч? болууга уруксат берген. Андан кийин Франция ЕЭСАга жана Евро Биримдикте жогорку технологияларды колдонууну сунуштап чыккан. Бул ой да ишке ашырылып, акыркы жылдардагы ?зг?р??л?р Финляндияга жала? пайда алып келген. Европага ж?з буруу Финляндия ?ч?н Ленинград негизги туристтик шаар болгон. Башка региондоруна да финн туристтери барып турчу. 80-жылдардын башында Советтер Союзундагы алсыроолор аларга да к?р?н? баштаган. 1990-жылы СССРдин жакын арада кулашы билине баштады. Ошондуктан Финляндияда куралдуу кагылышуулардан чочулоо башталган. Бирок СССРдин тынчтык жол менен тарап кетиши д?йн?н? да, Финляндияны да та? калтырган. Эстония, Латвия, Литвадагы к?т?р?л?шт?р болуп жатканда Финляндия четте карап турууну чечти. Биринчиден, СССР менен болгон алакасына зыянын тийгизе турган аракеттерден алыс болушу керек. Экинчиден, куралдуу кагылышуу болсо Финляндия курал жактан жардам бере алмак эмес. Бул учурда Финляндияга кышкы согушта жардам бербеген, курулай с?з менен колдоо к?рс?т?м?ш болгон Европаны кайталагысы келген эмес. Президент Койвисто СССР коопсуздугу ?ч?н Чыгыш Европа ?лк?л?р?нд? акысы бар экенин айтты. Муну батыш коркоктук жана ?з?мч?лд?к катары сыпаттаса да, финн эли ажосун туура т?ш?н?п, аны колдоп турган. 1990-жылдагы эки Германиянын биригиши менен т?рт?нч? рейх т?з?л?ш? м?мк?н деген кооптонууларга карабай, бул окуя Европанын да бириг??с?н? алып келди. Европа Кызматташтыгын Европа Биримдигине ?зг?рт?? сунушталып, 1993-жылы формалдуу болсо да алмаштырылды. Финляндиянын негизги товар алуучулары Батыш Европада жайгашкан эле. Муну менен анын Европага интеграция кылуу аракетин т?ш?нд?р??г? болот. 1990-жылы к?з?нд?, ЕЭСАнын 2 нейтралдуу м?ч?с? Австрия жана Швеция Евробиримдикке толугу менен м?ч? болууга аракет кыла баштады. Финляндияга басым да к?ч?д?. Евробиримдикке м?ч? болгондо Финляндиянын СССР менен т?зг?н Достук ж?н?нд? келишиминдей шарттарды Евробиримдиктин ичинде да аткаруусу керек эле. Финляндия жа?ы келишимди СССРге 1990-жылы сунуштап, 1991-жылы анын мураскери Россия менен кол койгон. Ага ылайык Достук ж?н?нд? келишимдин коопсуздук б?л?г? алынып салынган. 1992-жылы президент Койвисто ЕЭБге кир??с?н жарыяланган. ?км?т керект?? документтерди биримдиктин комиссиясына тапшырган. Парламенттин к?пч?л?г? бул идеяны колдоп чыккан. Мамлекеттик бийлик ЕБге киргенден кийинки коопсуздук маселелерин айтуудан качып жатты. О.э. Евробиримдикке кир??с? белгисиз болгондуктан бул нерсени к?п жарнамалашкан жок. Алгач ЕЭБ/ЕБ менен с?йл?ш??л?рд? ж?рг?з??, андан со? референдумга коюу керек деп эсептешкен. Расмий дебаттар экономикалык натыйжалар ?ст?нд? болуп жатты. Э? к?п Ебке кире турган болсо дыйкандарга берилч? субсидиялар токтоп калышы м?мк?н деген кооптонуу болуп жатты. Батышчыл талапкерлер бул маселени айланып ?т?п жатышты. Жыйынтыгында с?йл?ш??л?р ийгиликт?? ж?р?п, Финляндия Евробиримдикке м?ч? болгон. Евробиримдик белгил?? м??н?тк? Финляндиянын к?п жерлерин жараксыз деп таанууга макул болгон. Бул дыйкандардын жерлерди субсидия алуу менен эркин иштетип турушун камсыз кылган. Т?нд?кт?г? бай ?лк?л?рд?н кошулушу Евробиримдикке да пайдалуу болгон. Алардын жардамы менен Европанын т?шт?г?нд?г? жакыр ?лк?л?рг? колдоо к?рс?т? алмак. 1994-жылдын октябрындагы референдумда эл бул чечимди колдоп берди(59,6%). Койвисто ЕБге м?ч? болгонун билдирип ошол жылы бийликтен кетти. Ордуна тажрыйбалуу БУУнун дипломаты Мартти Ахтисаари келди. Анын учурунда 1-январь 1995-жылы Финляндия, Швеция, Австрия Евробиримдикке расмий т?рд? м?ч? болду. Билим бер?? системасы Башталгыч билим бер?? Финляндияда ар бир бала башталгыч билим алууга укуктуу. Ал жалпысынан милдетт?? билим башталаардан бир жыл мурун, башкача айтканда, бала 6 жашка толгондо башталат. Мектепке чейинки билимди мектептен же бала бакчадан, ?й-б?л?л?к бала бакчадан же башка ылайыктуу жерден алса болот. Муну муниципалитет чечет. Бала милдетт?? билим бер?? жети жашка толгондо башталып, 16-17 жашка чейин созулат. Мамлекет бекер негизги билимге кепилдик берет. Буга окуу акысы, окуу куралдары, дептерлер, негизги канцелярия, мектептеги тамак кирет. Окуу жылы август айында башталат. 3-класста англис тилин ?йр?н?? башталат, 4-класста бала кошумча чет тилин (француз, немис же орус) тандайт. 7-класста швед тилин милдетт?? т?рд? ?йр?н?? башталат. Финляндиянын мектептери ке?ири ?з алдынчалыкка ээ. ?зд?р? окутуунун ыкмаларын тандашат, окуу пландарын, программаларын т?з?ш?т. Тарбиячылар мектептеги саясат жана администрация боюнча чечим кабыл алуу укугуна ээ. Фин мектептеринде дисциплиналар аралык изилд?? киргизилип жатат. Бул сабактарды обочолонуп окутууну жарым-жартылай алмаштырат. Мындай дисциплиналар аралык курс бир нече жумага созулушу м?мк?н. Мисалы кафе кызматтары курсу математика, чет тилдер, жазуу жана баарлашуу к?нд?мд?р?н камтыйт. Окуу жылында мындай курстардын жок дегенде бир??с? болушу керек. Бирок мектептер муниципалитеттердин каалоосу боюнча алардын к?б?н ?тк?р? алышат. Негизги мектепте баалар жана экзамендер жок. Жада калса негизги мектеп ?ч?н акыркы экзамен жок. Орто мектепти аяктагандан кийин гана окуу боюнча экзамен ?тк?р?л?т. 9-класска чейин к?н?мд?к дене тарбия, чыгармачыл сабактар (музыка, к?рк?м с?р?т) жана практикалык сабактар (кол ?н?рч?л?к, ?й чарба) сабактарын ?т?ш?т. 2012-жылы окуу к?н?н узартуу жана окутулган сабактардын т?з?м?н ?зг?рт?? боюнча чечим кабыл алынган. Финляндиянын жалпы билим бер??ч? мектептеринин айырмачылыктарынын пайда болгон тенденциясына байланыштуу Билим бер?? министри Юкка Густафссон мектептеги билим бер??н?н жалпы т?м?нд?ш?н? байланыштуу тынчсыздануусун билдирген. Ага карабастан, 2013-жылы Гарварддын профессору Тони Вагнер Финляндиянын мектеп системасын ?студенттер мектепти б?т?р?п, жа?ычылдыкка даяр болушат? деп мактаган. Экинчи баскыч Негизги билим алгандан кийин студенттерге тандоо м?мк?нч?л?г? берилет: -кесиптик билим алууга. Андан кийин ?з адистиги боюнча иштей башташат. Окутуу кесиптик окуу жайларда ?т?т: атап айтканда, кесиптик окуу жайы, ошондой эле келишим боюнча ?нд?р?шт? окутууну тандоого болот. -лицейде окуусун улантышат, ал жакта жогорку мектепке кир??г? олуттуу даярдыктар ж?р?т. Лицейге барган окуучулар жетишт?? де?гээлде даярдыгын к?рс?т?ш? керек. Финляндияда лицейдин б?т?р??ч?л?р? абитуриент болуп саналат. Алар орто мектепте окуп ж?рг?нд? эле жогорку мектепке тапшырышат.
2015-жылы ж?рг?з?лг?н бир изилд??д? Финляндиянын лицейлеринде жана мектептеринде окуучулар арасында саясий же диний идеологиянын негизинде жек к?р?? же чыдамсыздык т?р?нд?г? экстремисттик маанай к?ч алгандыгы байкалган, ал эми зомбулук идеалдары гимназиядагыга караганда кесиптик лицейлерде эки эсе к?п кездешет.
ЖОЖдор Азыр Финляндияда эки параллелд?? жогорку билим бер?? тутуму бар – университеттер жана политехникалык институттар. Политехтер ар кандай тармактарда ишт?? ?ч?н практикалык билимди жана к?нд?мд?рд? берет. Политехниканын э? популярдуу адистиктери бул: технология жана транспорт, бизнес жана менеджмент, саламаттыкты сактоо жана социалдык кызмат к?рс?т??, маданият, туризм, кызмат к?рс?т??, билим бер??, жаратылыш ресурстары. Окутуу 3,5-4 жылга созулат жана милдетт?? практиканы камтыйт. Финляндияда 10 чыныгы университет, дагы он атайын институт (технология, бизнес жана экономика, искусство) болгон. Ошондой эле аскер академиясы университеттердин катарына кирген. 2010-жылдары 15 университет калган (5,5 миллион калкка). Бардык университеттер мамлекеттин карамагында. Изилд??н?н э? популярдуу жана престижд?? багыттары болуп технология, гуманитардык жана табигый илимдер саналат. Финляндиянын университеттери бакалавр, магистр жана доктор даражаларынан тышкары, магистратура менен докторлуктун ортосунда лицензият орто?ку даражасын берет. Аны магистратурадан эки жыл ?тк?нд?н кийин алууга болот. Андан 2 жыл ?тк?нд?н кийин гана доктор гапмын алууга болот. Финляндиянын университеттеринде окутуу негизинен фин жана швед тилдеринде ж?рг?з?л?т. Бирок англис тилиндеги эл аралык программалар жыл сайын к?б?й?п баратат. Финляндияда к?пт?г?н адистиктер боюнча англис тилинде окууга болот. Англис тилинде окутууга д?йн?н?н т?рт бурчунан студенттер жана ар кайсы ?лк?л?рд?н келген мугалимдер катышат. Университеттеги англис тилинде ?т??ч? сабактарга кир?? ?ч?н, талапкер англис тилин мыкты ?зд?шт?р?п, TOEFL же IELTS тил сынагынан жакшы жыйынтык к?рг?з?ш? зарыл. Окуу акысыз. Бирок студенттен окуу материалдары жана студенттик профсоюздарга милдетт?? м?ч?л?к ?ч?н жылдык т?л?мд?р алынат (орто эсеп менен 45-90 евро). Студенттердин минималдык бюджети, тамак-аш жана жатакана менен кошо 500-900 еврого бааланат. Студенттик виза алуу ?ч?н, банктан жок дегенде 6 720 евро бар экендиги ж?н?нд? к?б?л?к бериши?из керек. Абитуриенттерди ЖОЖдорго кабыл алууну ж?нг? салуучу бирдикт?? эрежелер жок: бардыгы билим бер?? мекемелеринин сотторуна берилет. Чет элдиктерден орто билимди (жана орточо балл талап кылынат), фин, швед же англис тилин жакшы бил??с? (эл аралык программаларга катышууда), финансылык ресурстардын бар экендигин тастыктоосу жана кир?? экзамендерин ийгиликт?? тапшыруусу талап кылынат. Экинчиси Финляндиянын университеттеринин ?зг?ч?л?г?: экзамендердин к?пч?л?г? факультеттерде ?тк?р?л?т. Сынактарга документтик сынактан ?тк?нд?р гана катыша алышат. Айрым факультеттер чет ?лк?л?кт?рг? квота беришет. 2012-жылы кээ бир жогорку окуу жайлары бир катар ?н?г?п келе жаткан ?лк?л?рд?н (Непал, Пакистан, Бангладеш, Нигерия жана Кения) абитуриенттери ?ч?н кир?? сынактарын ?тк?р??д?н баш тартышкан. Муну бул ?лк?л?рд?н студенттеринин Финляндияда жашоого каражаты жетишсиздиги менен т?ш?нд?р?шк?н. Финляндиянын университеттеринде жылына 1800г? жакын доктордук диссертация корголот. Бирок Билим бер?? жана маданият министрлигинин регламенти боюнча алардын саны 1600д?н ашпашы керек. 2023-жылдын 4-апрелинде ?лк? НАТОго кошулган.
Эскерт??л?р
[т?з?т?? | булагын т?з?т??]- ↑ В Финляндии отношения между церковью и государством регулируются особыми соглашениями. Деятельность церкви регулируется особым законодательством. Церковь имеет право на особый церковный налог (собирается при помощи государственных структур на добровольной основе). Однако юридически Церковь Финляндии не является государственной.
- ↑ Калып:YLE-N
- ↑ Human Development Report 2013(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). United Nations (2013). Текшерилген к?н? 14 -март (жалган куран) 2013. Т?п булактан архивделген к?н? 6 -октябрь (тогуздун айы) 2014.
![]() |
Финляндия Викиказынада |
Европа ?лк?л?р? | ||
---|---|---|
Эгеменд?? мамлекеттер | Австрия · Азербайжан1 · Албания · Андорра · Беларусь · Бельгия · Болгария · Босния жана Герцеговина · Ватикан · Германия · Грекия · Грузия1 · Дания · Ирландия · Исландия · Испания · Италия · Казакстан2 · Латвия · Литва · Лихтенштейн · Люксембург · Мажарстан · Мальта · Молдавия · Монако · Черногория · Нидерланд · Норвегия · Орусия2 · Польша · Португалия · Румыния · Сан-Марино · Сербия · Словакия · Словения · Т?нд?к Македония · Т?ркия2 · Украина · Улуу Британия · Финляндия · Франция · Хорватия · Чехия · Швейцария · Швеция · Эстония | ![]() |
Таанылбаган жана жарым-жартылай таанылган мамлекеттер | Косово · Приднестровье | |
К?з каранды аймактар | Аланд аралдары · Гернси · Гибралтар · Жерси · Мэн аралы · Фарер аралдары · Шпицберген · Ян-Майен | |
1 Европа менен Азиянын ортосундагы чек аранын ?т?ш?н? байланыштуу, негизинен же толугу менен Азияда. 2 Негизинен Азияда. |
Европа бирлиги | ||
---|---|---|
М?ч?л?р? | Австрия ? Бельгия ? Болгария ? Мажарстан ? Германия ? Греция ? Дания ? Ирландия ? Испания ? Италия ? Кипр ? Латвия ? Литва ? Люксембург ? Мальта ? Нидерланд ? Польша ? Португалия ? Румыния ? Словакия ? Словения ? Финляндия ? Франция ? Хорватия ? Чехия ? Швеция ? Эстония | ![]() |
Расмий талапкерлери | Албания ? Босния жана Герцеговина ? Молдова ? Грузия ? Черногория ? Сербия ? Т?нд?к Македония ? Т?ркия ? Украина | |
Дараметт?? талапкерлери | Косово | |
Мурдагы м?ч?л?р? | Улуу Британия |
|